Ташиев: Райым Матраимов өлкөдө Matiz айдап жүрүшү керек

Ташиев буга чейин көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер Матраимовдун акчасына кызыгып, ага кызмат көрсөткөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Райым Матраимов мындан ары мамлекетте жүрө турган болсо кичинекей Matiz айдап алып жүрүшү керек. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал Чүй облусу боюнча Кемин райондук бөлүмүнүн жаңы салынган имаратынын ачылышында сүйлөдү.
"Мындан ары мамлекетте Матраимов деген мафия болбойт. Райым Матраимов мамлекетте жүрө турган болсо, кичинекей Matiz минип алып жүрүшү керек. Мындан ары Райым Матраимовдун кланы, анын байлыгы, анын кылмыштуу түрдө топтогон байлыктары мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө, ички саясий иштерге тоскоолдук жаратпашы керек", — деди Ташиев.
Ал ошондой эле буга чейин көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер анын акчасына кызыгып кетип кызмат көрсөткөнүн белгилеп, Матраимов менен байланышы бар 92 мамлекеттик кызматкер аныкталып, иштен кетип жатканын кошумчалады.
Ташиев: 90 жаштагы пенсионер болсо да мыйзам бузса жазаланат