Күйгөн бензовоздун айдоочусуна жардам берген милиционер көз жумду

Кырсык болгон күнү Баткенден Бишкекке эки милиционер тергөөгө байланышкан иш сапарга бараткан. Жолдогу кырсыкты көрүп алар жабыркагандарды куткарууга аракет кылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда бензовоз күйүп кеткен кырсыкта жабыркаган милиционер каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 27-октябрда Бишкек — Ош жолунун 100-101-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа менен эки жеңил машина кагышып, үчөө тең күйүп кеткен.
Дал ушул кырсыкта Кызыл-Кыя шаардык милициясынын кызматкери Дилмурат Шамшиев күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусуна жардам берип, аны аман алып калган.
"Ошол күнү Баткенден Бишкекке эки милиционер тергөөгө байланышкан иш сапарга бараткан. Жолдогу кырсыкты көрүп алар жабыркагандарга кол сунган. Жыйынтыгында милиционер Дилмурат Шамшиев жабыркап ооруканага жаткырылган. Бирок катуу күйүк алгандыктан ооруканадан көз жумду", — деп айтылат маалыматта.
Кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө чоң салым кошкон кызматкердин артында үч баласы калды.
Кадамжайда оор жүк ташуучу унаа үйдү сүзүп, эки адам каза болду