Бала бакчаларда тамакты мамлекет камсыздасын. Депутат мыйзам өзгөртүлөрүн айтты

Буга чейин Финансы министрлиги эми тамак-аш ата-энелердин каражатынын эсебинен гана берилерин кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңеште бала бакчаларды ысык тамак менен камсыздоону кайрадан мамлекетке жүктөө боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат. Бул туурасында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.
Белгилей кетсек, жакында эле Финансы министрлиги эми бала бакчаларда тамак-аш ата-энелердин каражатынын эсебинен гана берилерин кабарлаган.
"Жакында кабыл алынган "Билим берүү жөнүндө" мыйзамда бала бакчаларды ысык тамак менен камсыздоо ата-энелерге жүктөлсүн дегени камтылып калыптыр. Ошол норманы алуу боюнча азыр Социалдык комитетте иштеп жатабыз. Мыйзамга өзгөртүү киргизип, бала бакчада тамак берүү системасын ата-энелерге жүктөбөй, кайрадан мамлекетке алуу сөзсүз түрдө ишке ашат", — деди Самыйкожо.
Жалал-Абад шаарында кызамык менен ооругандар көбөйүп, 2 мектеп онлайн окууга өттү