Автобустарда накталай төлөм 25 сомго көтөрүлбөй калды. Мэриянын түшүндүрмөсү

Соцтармактын айрым колдонуучулары коомдук транспортто жол кирени накталай төлөйм дегендерден 25 сом талап кылына баштаганын жазып чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Мэрия Бишкектин автобус жана троллейбустарына жаңы эле киргизилген накталай төлөм системасын убактылуу токтотту. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.
Эске салсак, буга чейин муниципалитет автобус, троллейбустарда 1-ноябрдан тарта накталай төлөм системасын киргизүүнү убадалаган. Анда жол кире накталай 25 сом, ал эми накталай эмес төлөмдө (карточка) 11 сом болмок.
Соцтармактын айрым колдонуучулары коомдук транспортто жол кирени накталай төлөйм дегендерден 25 сом талап кылына баштаганын жазып чыгышкан.
Вице-мэр бул система маселени тыкыр иликтеп, түшүндүрүү иштерин күчөтүү үчүн жылдырылганын билдирди.
Мэрия: жол киренин көтөрүлүшүнө элдин көбү каршы эмес