3-ноябрга карата аба ырайы

3-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Жума күнү күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13...+18, Талас жергесинде +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көл менен Нарында +10...+15 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +16...+18, Ошто +19...+21 градуска жетет.
Ноябрда аба ырайы кандай болору айтылды