Радио

Уланов: кыргыз киносунда алгачкы ирет фантастикалык комедия тартылды

Актёр Азамат Уланов кыргыз киносу жаңылык киргизүүгө муктаж экенин айтты.
Sputnik
Кыргызстандын кино рыногунда алгачкы ирет фантастикалык комедия жанрындагы тасма жаралганын Азамат Уланов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фильм "Кан урсун" деп аталып, 23-ноябрдан тарта кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.
"Биздин рынокто биринчи жолу фантастикалык комедия тартылды. Тасманын аталышы чоң роль ойногондуктан, эмне деп атасак деп көпкө ойлондук. Акыры "Кан урсун" дегенге токтолдук. Аталышы өзгөчө болсо эл кызыгып көрөт эмеспи. Коңшу казактар фантастика жанрын эчак эле тартып, майын чыгарып коюшкан. Алар эми 3D форматтагы кино тартууга белсенүүдө. Кыргыз киносуна өзгөчөлүк киргизүүгө аракет кылышыбыз керек. Бирок азырынча көптөр чөнтөгүн ойлоп жаңычылдык киргизгиси келбей жатат", — деди актёр.
Ал "Кан урсун" фильмине куудул Күмөндөр Абылов өзгөчө роль жаратканын кошумчалады.