Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина күчтөрү контрчабуулду эмнеге токтотконун айтышты

Журналисттер октябрдын башында Запорожье фронтундагы украиналык үч аскердик бөлүккө барышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери миналанган талааларда сентябрдагы көп жоготуулардан улам контрчабуулду токтоткондуктарын айтышты. Бул тууралуу РИА Новости País баяндамачысы Кристиан Сэгурага таянып жазды.
Ал гезиттин журналисттери октябрдын башында Запорожье фронтундагы украиналык үч аскердик бөлүккө — спецназ, жөө аскерлер жана сооттологон танкалык бригадага барышканын билдирген.
"Россиялык коргонууну жарып киребиз деген көп айга созулган танк, жөө аскерлердин аракеттери сентябрда миналанган талаалардагы арбын жоготуулар менен аяктаганын бардык офицерлер тастыкташты", — деп жазган журналист.
Украинанын Куралдуу күчтөрү 2023-жылдын 4-июнунда НАТО даярдаган бригадалар жана Батыш техникасы менен Запорожье, Түштүк-Донецк жана Артемовск багыттарында согушка кирген.
Владимир Путин каршылаш тараптын күчтөрүн алдыга жылдыруу планы оңунан чыкпай, аскерлерди токтотушуп, мурдагы ээлеген позициясына кайтарышкандыгын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украинанын контрчабуулу аксабай эле толугу менен ишке ашкан жок