УКМК: аткаминерлер контрабандалык кальян тамекисин 40 млн. сомго арзан сатышкан

Аткаминерлер товарды арзан сатуу менен ири суммадагы акчалай сыйлык алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бажы кызматы менен Сот аткаруучулар кызматында мамлекеттик бийликке жана сот адилеттигине каршы жасалган кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын июль айында Ош облустук соту аткезчилик менен алып келинген 24 тонна 738 килограммдык кальян тамекисин (48 миллион 706 миң 780 сомдук) мамлекетке конфискациялоо чечимин кабыл алган.
Соттун чечимин Кара-Суу райондук сот аткаруучулар ишке ашырышы керек болчу. Бирок алар Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча жооптуу адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, ачык аукциондо сатуу үчүн конфискацияланган товарды "Бажы инфраструктурасы" ММнин түштүк бөлүмүнө жөнөтүшкөн.
"18-октябрда жогорудагы кызмат адамдары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине карабастан, тергөө жана сот органдары тарабынан белгиленген товарлардын реалдуу рыноктук наркын эске албай, жабык аукцион уюштуруу шылтоосу менен арзандатылган баада, 8 497 503 сомго сатышкан. Ошол эле учурда ири суммадагы акчалай сыйлык алышкан", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзүп, 68 кг баңгизат табылды