БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Анын айтымында, саммит 2-3-ноябрда өтмөкчү.
Өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин талкуулап, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу декларациясын кабыл алышары кошумчаланды.
"Иш-чаранын алкагында өзгөчө кырдаалдар, метрология жаатындагы көп тараптуу документтерге кол коюу, ТМУ Транспорттук байланыш программасын ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы, Түрк мамлекеттер уюмунда жана Түрк маданияты жана мурасы фондунда бир катар кадрдык чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле 6-февралды "ТМУ алкагында кырсыктардын жана тилектештиктин курмандыктарын эскерүү күнү" деп жарыялоо тууралуу чечимдер кабыл алынмакчы", — деген Азымбакиев.
Саммитке Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн делегация башчылары катышары күтүлүүдө.