БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Садыр Жапаров кыргыз милициясы оор сыноолорго туруштук берип келе жатканын, даңазалуу жана сыймыктуу жолду басып өткөнүн белгилеген. Ошондой эле укук коргоо органдарынын, анын ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо маселелерине жеткиликтүү көңүл бурула баштаганын кошумчалаган.
"Эми элдин ишенимин актап иштөөгө мезгил келди. Борбор шаарыбыздан баштап, өлкөбүздүн булуң-бурчунда жашап жаткан жарандарыбызга чейин азыркы учурда кылмыштуулук менен болуп жаткан аёосуз күрөштүн натыйжасы сезилиши керек. Ошондо гана биз элибиздин эртеңки күнгө, келечекке болгон ишенимин арттырабыз. Мамлекетибиздин, коомубуздун жана жарандарыбыздын коопсуз жашоосун, алардын мыйзамдуу укуктарынын корголушун камсыздай алабыз. Бул максатты ишке ашыруу сиздерден кажыбас кайратты, талыкпас эмгекти жана кесипкөйлүктү, ошондой эле ак иштөөнү талап кылат", — деп жазылат Жапаровдун куттуктоо сөзүндө.
Президент милиция кызматкерлерине бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана үй-бүлөлүк бакыт каалап, ары татаал, ары жооптуу кызматты дайыма ийгилик, жакшы саамалыктар коштоп жүрүүсүн тилеген.