Россотрудничество өкүлү: Россия Кыргызстанды гүлдөгөн өлкө катары көргүсү келет

Шевцовдун айтымында, учурда Россияда илимий багыттар өнүгүүдө жана өлкөнү технологиялык жактан өнүктүрүүгө ири суммадагы акча салынып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Россия Кыргызстанды гүлдөп, өнүккөн өлкө катары көргүсү келет, Кыргызстан да ошону каалайт. Бул тууралуу Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Павел Шевцов билдирген.
Ал Бишкекте өтүп жаткан "Мектептеги билим берүү системасындагы орус тили" деп аталган форумунда сүйлөгөн.
"Албетте, Россия Кыргызстанды гүлдөп, өнүккөн өлкө катары көргүсү келет, Кыргызстан да Россияны ошондой көрүүнү каалайт", — деген Шевцов.
Анын айтымында, учурда Россияда көптөгөн илимий тармактар алдыга жылып, өлкөнүн технологиялык өнүгүүсүнө чоң суммадагы каражат жумшалууда. Бул келечекте мамлекеттин көптөгөн тармактарда лидер болушуна жардам берет.
"Биз Евразия мейкиндигинде күчтүү, экономика, билими жактан өнүккөн мамлекеттерди түзүү гана чоң Евразияны курууга жардам берерин түшүнөбүз", — деген ал.
Бишкекте орус тилинде билим берген мектеп жетекчилеринин форуму башталды