Ош шаарында мамлекеттик эки дарыкана ачылды

Шаар тургундары дарыларды бул жактан 10-15 пайыз арзан сатып ала алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Ош шаарында мамлекеттик эки дарыкана ачылганын шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 6

Ош шаарында мамлекеттик эки дарыкана ачылганын шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады

2 / 6

дарыканаларга "Эл аман" деген ат коюлуп, ачылышына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Ош шаарынын саламаттык сактоо боюнча координатору Эрмек Нурумбетов, жергиликтүү тургундар катышкан

3 / 6

Мамлекеттик аптеканын бири №8 үй-бүлөлүк медицина борборунда, экинчиси Ош шаардык клиникалык ооруканасында жайгашкан

4 / 6

Дарыканада 800дөн ашык аталыштагы дары-дармектин түрү бар. Шаар тургундары дарыларды бул жактан 10-15 пайыз арзан сатып ала алышат

5 / 6

Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты — калкты дары-дармек менен жеткиликтүү камсыз кылуу жана баа саясатын туруктуу кармоо

6 / 6

Буга чейин Бишкек шаарында да мамлекеттик дарыкана ачылган

Ага ылайык, дарыканаларга "Эл аман" деген ат коюлуп, ачылышына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Ош шаарынын саламаттык сактоо боюнча координатору Эрмек Нурумбетов, милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун, шаардагы медициналык мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышкан. Мамлекеттик аптеканын бири №8 үй-бүлөлүк медицина борборунда, экинчиси Ош шаардык клиникалык ооруканасында жайгашкан.
"Дарыканада 800дөн ашык аталыштагы дары-дармектин түрү бар. Шаар тургундары дарыларды бул жактан 10-15 пайыз арзан сатып ала алышат. Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты — калкты дары-дармек менен жеткиликтүү камсыз кылуу жана баа саясатын туруктуу кармоо", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарында да мамлекеттик дарыкана ачылган. Мурдараак министрлик 10-ноябрга чейин республика боюнча 46 мамлекеттик дарыкана ачыларын маалымдап, дарылардын түрүн 2 миңге чейин көбөйтүү каралып жатканын кошумчалаган.
"Росатом" Кыргызстанга рактан дарылоочу борбор ачууга жардам берет