Кыргызстандык завод Россияга лифт жеткирүү келишимин түздү

Россиялык компаниянын өкүлдөрү лифтинин сапаты жогору жана коопсуз экендигин белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда лифт чыгарган Sky Elevators заводу Россиянын "УК "Технопарк Торгмаш" компаниясы менен келишим түздү. Бул тууралуу заводдун маалымат кызматы кабарлады.
1 / 6

Кыргызстанда лифт чыгарган Sky Elevators заводу Россиянын "УК "Технопарк Торгмаш" компаниясы менен келишим түздү

2 / 6

Анда белгиленгендей, келишимге кол коюу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин катышуусунда өткөн

3 / 6

Тараптар Россияга лифт жана завод чыгарган продукцияларды жеткирүүгө макулдашышкан

4 / 6

Россиялык компания өкүлдөрү лифтинин сапаты жогору жана коопсуз экендигин белгилешкен

5 / 6

Лифт жабдыктары рыногунда эки компанияга тең пайдалуу келишим түзүлдү деп ишенебиз

6 / 6

Мындай кызматташтык Кыргызстан менен Россиянын бул тармактагы өнүгүүсү үчүн маанилүү кадам жана пайдалуу тажрыйба алмашуу болот", — деген "Технопарк Торгмаш" компаниясынын башкы директору Сергей Зыков

Анда белгиленгендей, келишимге кол коюу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин катышуусунда өткөн. Анда тараптар Россияга лифт жана завод чыгарган продукцияларды жеткирүүгө макулдашкан.

"Биз Кыргызстанды өнөр-жай тармактары өнүккөн өлкө катары да таанышса дейбиз. Завод сапаты, жаңы инновациялары жана баасы боюнча башка жакта чыгарылган лифтилерге күчтүү атаандаш болушу үчүн ар дайым өнүгүүнүн үстүнөн иштейбиз. Келечекте экспорттун көлөмү артат деп үмүт кылабыз", — деген Sky Elevator заводунун жетекчиси Рахат Жунушбаева.

Россиялык компаниянын өкүлдөрү лифтинин сапаты жогору жана коопсуз экендигин белгилешкен.
"Лифт жабдыктары рыногунда эки компанияга тең пайдалуу келишим түзүлдү деп ишенебиз. Мындай кызматташтык Кыргызстан менен Россиянын бул тармактагы өнүгүүсү үчүн маанилүү кадам жана пайдалуу тажрыйба алмашуу болот", — деген "Технопарк Торгмаш" компаниясынын башкы директору Сергей Зыков.
Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду "Ата" фабрикасына 1 млн. доллар бөлөт