Удовиченко: Кыргызстан менен Россия алакасын арттырып жатат

Россиялык дипломатиялык өкүлчүлүктүн жетекчиси соңку учурларда болгон бир нече иш-чараларды санап өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы байланыш улам активдешип, улам өрчүп бара жатат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко
Ал "Мектептеги билим берүү системасындагы орус тили" деп аталган жалпы орто билим берүү жайларынын жетекчилеринин форумунда сүйлөдү.
"Тезис түрүндө соңку мезгилдери Россиянын катышуусу менен өткөн иш-чараларды эске сала кетсем. Бул Россия тараптын Кыргызстандын бийлиги менен биргеликте иш жүргүзүүгө кызыкчылыгы жаралып, чаралар көрүлүп жатканынан кабар берет. Бул жаатта өз ара иштешүү активдешип, иштер күчөтүлдү", — деген элчи.
Тагыраагы, ал төмөнкүлөрдү санап өттү:
1-сентябрда заманбап үч мектепти куруу иштери салтанат менен башталды;
"Чет мамлекеттеги орус тили мугалими" долбоору өзүнүн майнаптуулугун көрсөттү, учурда өлкөдө Россиядан келген 112 мугалим эмгектенип жатат;
КРСУну жаңылоо иштери активдешти, жакында жаңы ректор дайындалды;
Ректорлордун форумунда эки өлкөдөн 50гө чукул документке кол коюшту;
Кыргызстандагы россиялык ЖОЖдордун тармагын өнүктүрүү боюнча иштер жүрүүдө.
Удовиченко КМШга быйыл Кыргызстан төрагалык кыларын эскертти.
"КМШдагы Орус тили жылынын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралардын баарын жакшы маанай менен эстейбиз. Бул өлкөнүн ар кыл аймактарында өткөрүлгөн 30дан ашык ири форумдар", — деп кошумчалады Россиянын элчиси.
Бишкекте орус тилинде билим берген мектеп жетекчилеринин форуму башталды