Биздин азыркы негизги максатыбыз уруксатсыз, өзүм билемдик менен эксплуатацияга берилген объектилерден толугу менен арылуу. Бул тууралуу Адис Саяков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 64 объект уруксатсыз эксплуатацияга берилген.
"Бүгүнкү күндө республика боюнча мыйзамсыз курулган объектилердин саны 225ти түзөт. Анын ичинен 78и көп кабаттуу үйлөр болсо, калган 147си майда-чүйдө курулуштар. Учурда 64 объект уруксатсыз эксплуатацияга берилген. Бул иштердин 44ү прокуратура, УКМКга, ал эми 17 объект укук коргоо органдарына кароого берилди. 76 объектинин курулуш иши боюнча материалдар сотко берилген. Соттун чечими менен айып пул салынат. Бул иштер толук каралып бүтмөйүн мыйзамсыз объектилерди бузганга укугубуз жок. Бирок азыр бул иштер каралып, соттун чечими чыккыча мыйзамсыз курулуп жаткан имараттар 7-8 кабатка чейин салынып, кээде толугу менен бүткөрүлүп калып жатат. Ошондуктан айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берип жатабыз", — деди Саяков.
Ал учурда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги шаар куруу кодекси боюнча иштеп жатканын кошумчалады.