БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. КМШнын өлкөлөрү азыр Россия баарын жасап берет деп аны карап отура бербеши керек. Бул тууралуу "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев "Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү медиа" деп аталган II форумдун ачылышында айтты.
Киселев башкы багыттарды аныктап алууга токтолду. Ал форумдун катышуучуларына маанилүү нерседен экинчи орунда турган маселени бөлүп карап, аны менен өзүнүн аудиториясына ачык бөлүшүүгө кеңеш берди.
"Бүгүн КМШнын өлкөлөрү Россия алар үчүн жасап берет дебестен, өз тагдырын өзүнүн колуна алышы лаазым. Дүйнөдө эмне болуп жатканын көрүп турасыңар, мындан жыйынтык чыгаруу керек", — деген Киселев.
Медиафорум КМШдагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын азыркысы жана келечегине анализ жүргүзүүгө арналган.