Дмитрий Киселев: кыргыз тили Россия үчүн баалуу

Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргыз тили Россия үчүн баалуу. Бул тууралуу "Россия сегодня" эл аралык медиа тобунун башкы директору Дмитрий Киселев "Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү медианын өнүгүшү" аттуу КМШ өлкөлөрүнүн медиафорумунда билдирди.
Анын айтымында, эгер Россия стратегиялык жактан жеңилүүгө дуушар болсо, КМШдагы жашоо кескин өзгөрөт.
"Өлкөлөр АКШнын колониясына айланып, адамдарга ырайымсыз мамиле жасалат. Американын коргоо министри Ллойд Остинге кыргыз тили кызык эмес, ал эми биз үчүн баалуулук", — деди Киселев.
Кендирбаева: Кыргызстанда орус тилин сапаттуу үйрөнүүгө болгон муктаждык чоң