Кадамжайда оор жүк ташуучу унаа үйдү сүзүп, эки адам каза болду

Howo айдоочусу унааны башкара албай калган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кадамжай районунда болгон жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Баткен облусунун ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.
Кырсык 1-ноябрда саат 15.20 чамасында Миң-Чынар айылында болду. Howo үлгүсүндөгү унаанын 36 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калып үйдү сүзгөн.

"Үйдүн дубалы аялдын үстүнө кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен жүк ташуучу унаанын айдоочусу жана 57 жаштагы У.С. алган жаракаттарынан улам жеринде каза болушкан. Башка жабырлануучулар болгон эмес", — деп билдирди башкармалыктан.

УКМК: аткаминерлер контрабандалык кальян тамекисин 40 млн. сомго арзан сатышкан