Министрдин орун басары: фейктер улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат

Чыңгыз Эсенгул уулу КМШ жалган маалыматтар менен күрөшүүгө көңүлүн бурушу керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Дүйнөдөгү активдүү маалыматтык чабуулдарга байланыштуу фейктер менен жалган маалымат улуттук жана маалыматтык коопсуздукка, социалдык стабилдүүлүккө коркунуч жаратат. Бул тууралуу КМШнын II медиафорумуна катышып жаткан Кыргызстандын маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.
Ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги жалган маалымат менен күрөшүүдө тажрыйбасы менен өз ара алмашышы керектигин белгиледи.
"Азыркы дүйнөнүн чындыгы, маалыматтык жана коммуникациялык технологиянын катуу өнүгүшү, КМШнын алкагында кызматташуу менен интеграцияны мындан ары кеңейтүү, биздин элдердин ортосундагы тарыхый жана маданий терең байланыштар КМШнын жашоосу жөнүндөгү түрдүү маалыматтар менен алмашууну активдештирүүнү шарттап жатат", — деди Эсенгул уулу.