Депутаттар өзгөчө балдарга кам көрүүдөгү алешемдиктерди иликтейт

Комиссия түзүүнү депутат Эмил Жамгырчиев демилгеледи.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Депутаттар өзгөчө балдарга мамлекет канчалык кам көрүп жатканын иликтейт.
Бүгүн парламентте аутизм, Даун синдромуна жана шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн, алардын ушул жааттагы мыйзамдарда каралган укуктарынын сакталышын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.
Анын курамына Эмил Жамгырчиев, Дастан Бекешев, Жылдыз Таалайбек кызы, Марлен Маматалиев, Винера Раимбачаева, Айбек Алтынбеков, Жылдыз Садырбаева, Айгүл Айдарова, Максат Сарбагышев кирди.
Комиссия түзүүнү депутат Эмил Жамгырчиев демилгеледи. Анын айтымында, бирдей эле диагноз менен ооруган балдарга ар кандай жөлөк пул төлөнүп жатат. Баласын карап отурганы үчүн ата-энелерине 6000 сом чегерилсе, 1200 сомун патентке деп кармап калууда. Аларды жеке ишкерге теңеген туура эмес деп эсептейт эл өкүлү.
Аутист балдарды дубалатып кыйнабагыла. Өзгөчө уулу бар атанын видеомаеги