Бишкек шаардык соту Турсунтай Салимовду камакта калтырды

Ишкер 9-октябрда менчик "Бикард" клиникасына жаткырылганы, азыркыга чейин ооруканада экени маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык соту "Мадина" базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимовду камакта калтырганын соттун маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин соттолуучунун жактоочулары Биринчи май райондук сотунун аны тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимине даттанышкан.
Соттук отурумга Салимов ден соолугуна байланыштуу катышкан эмес. Тиешелүү өтүнүч катын анын жактоочулары берген. Sputnik Кыргызстан агенттигинин ишенимдүү адамдары ишкер 9-октябрда менчик "Бикард" клиникасына жаткырылганын билдирип, азыркыга чейин ооруканада экенин кошумчалашты.
Эске салсак, Салимов уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө жана ага катышууга шектелип кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн каржылап, жазадан кутулуу үчүн укук коргоо органдарындагы, сот системасындагы жана башка мамлекеттик органдардагы кызмат адамдарын "сатып алууга" колдоо көрсөтүп турган.
Кылмыш ишинин алкагында 9-октябрь күнү Салимовго айыбы угузулуп, Биринчи май райондук соту тарабынан 4-декабрга чейин камакка алуу чечими кабыл алынган. Айыбы угузулган соң сотто ден соолугу начарлап, тез жардам алып кеткен. Ал отурумда Көлбаев менен эч кандай байланышы болбогонун, коңшу жашагандыктан кээде гана учурашып турушканын билдирген.
Сапар Исаковго кымбат унаа берген. Көлбаевдин тобунан делген балбан кармалды