Байден Израилге жардам берүү долбооруна вето коюшу мүмкүн экени айтылды

Администрация республикачылар жардамды Израиль менен Украинага бөлүүнү сунуштап, маселени саясатташтырып жатышканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. АКШнын өкүлдөр палатасы тийиштүү чечим кабыл алса президент Жозеф Байден Израилге жардам берүү долбооруна вето коёт. Администрация Израиль менен Украинанын сурамдары бөлүү глобалдуу кесепеттерге кептей турганын айткан. Мындай маалыматты РИА Новости жазды.
"Эгерде президентке долбоорду алып келишсе, ал вето коёт", — деп айтылган Ак үйдүн бюджетин жөндөгөн башкармалыктын маалыматында.
Билдирүүдө администрация республикачылар суралган 105 миллиард долларлык жардамды Израиль менен Украинага бөлүүнү сунуштап, маселени саясатташтырып жатышканын, чындыгында аны эки партиялык негизде кароо керектиги белгиленген.
"Израилге жардамды улуттук коопсуздуктун башка приоритеттеринен бөлүп берүү глобалдуу кесепеттерге алып келет", — деп айтылган билдирүүдө.
Маалыматта администрация Палестинага гуманитардык жардам бөлүүнүн өтө зарылдыгын, маанилүүлүгүн эске алууга басым жасап жатканы жазылган.
АКШнын өкүлдөр конгрессинин палатасына Байдендин Украинага, Тайванга аскердик колдоо көрсөтүү жана башка чыгымдар боюнча Байдендин сурамдарынан бөлүп Израилге 14,3 миллиард доллардык кошумча жардамды ыкчам караган мыйзам долбоору киргизилген.
Путин: Батышка Жакынкы Чыгыштагы башаламандык жагып турат