"Абдыш-Ата" кайрадан футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду

Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Канттык "Абдыш-Ата" клубу мөөнөтүнөн мурда Кыргызстандын футбол боюнча чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Бул сезондо команда чемпиондук титулун коргоп калды. Алардын запаста дагы бир матчы бар болчу, бирок анын жыйынтыгына карабастан клуб чемпион аталды. Өткөн жылы канттык жамаат алгачкы ирет өлкө чемпиону титулуна ээ болгон.
Экинчи жана үчүнчү орундарда Бишкектин "Дордою" менен Оштун "Алайы" турат.
Кыргызстандын футболчу кыздары Борбор Азиядагы турнирде күмүш алышты