Жогорку Кеңештин төрагасы: ЖМКлар жөнүндөгү мыйзам өзгөртүүгө муктаж

Шакиев Кыргызстанда жалган маалымат тараткандардын жоопкерчилиги каралбаганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев ЖМКлар жөнүндөгү мыйзам эскиргенин жана өзгөртүүгө муктаж экенин айтты.
Бишкекте парламенттин спикери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, эл аралык уюмдар менен жарандык коомчулуктун өкүлдөрү чогулуп ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамды талкуулашты.
"Азыр колдонулуп жаткан "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. Андан бери 30 жылдан ашуун убакыт өттү. Мыйзам ошол учурдун, ошол доордун талаптарына жооп бергени менен азыркы шартка ылайык келбей калгандыгы жашыруун эмес. Себеби ал мезгилде азыркыдай интернет тармагы өнүккөн эмес, бүгүнкүдөй технологиялык мүмкүнчүлүктөр жок болчу. Андыктан азыркы шартты, азыркы талапты эске алып, колдонуудагы мыйзамды өзгөртүшүбүз керек", — деди Шакиев.
Ал ошондой эле Кыргызстанда жалган маалымат тараткандардын жоопкерчилиги каралбаганын белгиледи.
"Адам укугу бекем сакталган, демократиялык өлкөлөрдүн жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жолугушууларда сөз эркиндигине байланыштуу сүйлөшүп калабыз. Байкашым боюнча, аларда сөз эркиндиги менен катар ага карата жоопкерчилик да бар. Андыктан жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгууда бул жааттагы эл аралык тажрыйбага көңүл бурушубуз кажет", – деди төрага.
Ал ЖМК мыйзамы боюнча жолугушууларды ар квартал сайын, жок дегенде бир жылда эки ирет өткөрүп туруу сунушун берди.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Өздөрү күн карама. Самыйкожо тууну өзгөртүүгө каршы болуп, Шакиев менен талашты