Путин: Батышка Жакынкы Чыгыштагы башаламандык жагып турат

РФ лидеринин айтымында, АКШ Газа тилкесинде согуш отун өчүрүүнү, кан төгүүнү токтотууну талап кылган өлкөлөрдү жүдөтүп, беделин түшүрүүгө басым жасайт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. АКШны Россиянын дүйнөлүк жана аймактык, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы көйгөйлөрдү чечүүгө аралашканы жакпайт. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен өткөргөн кеңешмеде айтканын РИА Новости жазды.
"Согуш талаасында жыйынтыкка жетпей (АКШ) бизди бөлүп-жарууга аракет кылууда, Россияга келгенде алсыздандырып, башаламандык кылып жиберсем деп турат. Аларды Россиянын дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү чечүүгө, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөндөөгө кылган аракети жакпайт. Дегеле, бирөөнүн айтканын-дегенин жасап, башкалардын көрсөтмөсүн аткарууну сүйүшпөйт. Өздөрүнүкү гана туура дешет жана аларга баары боло берет деген ишенимде", — деди Путин Дагестан боюнча өткөргөн кеңешмеде сүйлөп жатып.
Россия лидери АКШга Жакынкы Чыгышта башаламандык өкүм сүрүп турганы керек экенине токтолду. Андыктан Америка Кошмо Штаттары Газа тилкесинде согуш отун өчүрүүнү, кан төгүүнү токтотууну талап кылган өлкөлөрдү жүдөтүп, беделин түшүрүүгө басым жасай турганын белгиледи.
Путин Дагестандагы окуя Батыштын чагымчылыгы экенин айтты