БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Быйыл ЕАЭБдин алкагында соода айлантуунун көлөмү 100 миллиард доллардан ашышы ыктымал. Бул тууралуу РФтин вице-премьери Алексей Оверчук Эл аралык бажы форумунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"ЕАЭБ мамлекеттеринин соода динамикасы өтө жакшы баратканын мен дайыма айтып келем. Эгер ЕАЭБ ичиндеги жана ЕАЭБдин тышкы дүйнө менен соода жүгүртүүсүн карай турган болсок, биримдик ичиндеги соода-сатык тез өнүгүп жатканын көрүүгө болот", — деди ал.
Оверчуктун айтымында, былтыр товар жүгүртүүнүн көлөмү 84 миллиард долларга жетип рекорд койгон. Быйылкы өсүш дагы жакшы.
"Мында 100 миллиард доллардан ашабыз деген божомолдор бар. Мындай статистика ЕАЭБдин ичинде бизнесмендердин өз ара кызматташуусуна шарт түзүлгөнүнөн кабар берет", — деди РФ вице-премьери.
Эл аралык бажы форуму 30-31-октябрда өтүп жатат.