"Ош" базарда дары-дармекти мыйзамсыз саткан контейнерлер жабылды

Контейнер ээлерине да айып салынганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. "Ош" базарында медициналык жабдууларды жана дары-дармекти мыйзамсыз саткандар текшерилип, рейд жүргүзүлгөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, текшерүүлөрдөн кийин "Берекет Гранд" соода борборунда дары-дармекти уруксат кагазы жок саткан бир нече контейнер жабылган.
"Беш контейнердин ээлерине айып салынды. Мындан тышкары, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү экспертизадан өткөрүү үчүн дарылардын үлгүлөрүн алышкан", — деп жазылат кабарда.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыларды жана медициналык жабдууларды уруксаты жок саткандар менен күрөштү улантуу зарылдыгын белгилеген.
"Жасалма жана сапатсыз дарылар элдин колуна өтүп кетүүсүнө жол бербешибиз керек. Максатыбыз рыноктун коопсуздугун жана сапаттуу медициналык товардын сатылышын камсыздоо болуп саналат", — деген министр.
Оору көбөйүүдө. Депутат косметологиялык салондорду текшерүүнү сунуштады