Жаңы рекорд! Кыргызстанда депозиттин көлөмү 411 млрд. сомдон ашты

Кеп юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле чет элдиктердин эсеби тууралуу болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстанда депозиттин көлөмү 400 миллиард сомдон ашып, жаңы рекорд жаратты. Бул тууралуу Улуттук банктын ачык маалыматында жазылат.
Эске салсак, мында бир гана депозиттин (кыска мөөнөттүү жана керектөөгө чейинки) өзү эле эмес, банктык эсептеги акчанын көлөмү да кошулат. Кеп юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле чет элдиктердин эсеби тууралуу болуп жатат.
Депозиттик база жөнүндө маалыматтар:
Августтун аягында — 395 миллиард 258,1 миллион сом;
Сентябрдын аягында — 411 миллиард 125,5 миллион сом (бул жаңы рекорд, мурдагысы июлдун аягында болуп, 399 миллиард сомго жеткен).
Башкача айтканда, депозит базасы дээрлик 15,9 миллиард сомго өскөн.
Акыркы жылдары депозит базасынын көлөмү активдүү өсүүдө. Салыштыруу үчүн айтсак, 2021-жылдын июнь айынын аягында депозиттик база 200 миллиард сомдон ашкан.
Билип алыңыз! КРде депозиттин кайсы түрлөрү кепилдикке алынган