Көк бөрү федерациясы өзүн-өзү толук камсыздай ала турчу уюмга айланат. Финансы булактары чечилип, түз алып көрсөтүүлөрдү монетизациялап, байге фонду такталарын Рамис Жунусалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Көк бөрү федерациясы өнүгүүнүн жаңы жолун тандап, заманбап талаптарга жооп берүүгө аракет көрөт.
"Көк бөрүдөгү орчундуу маселелердин бири — байге маселеси. Федерациянын жетекчилигине эмнегедир жеңүүчүлөрдүн байгелерин аныктоо иштери жүктөлүп калган. Мындай системадан качып, болгону мелдешти уюштуруу ишине көңүл бурушубуз зарыл. Биз тандаган жол кийинки жетекчилердин ишин жеңилдетет деп турабыз. Бүгүнкү күнү көк бөрү боюнча турнирлерде ат майданга орточо 40-45 миң көрүүчү келет. Федерацияны өзүн-өзү толук камсыздай ала турчу уюмга айлантуу ниетибиз бар. Финансы булактарын чечип, түз алып көрсөтүүлөрдү монетизациялап, байге фонду такталып калса чоң өзгөрүүлөр болот", — деди Жунусалиев.
Ошондой эле адис интернет аркылуу көк бөрүнү миллиондон ашык адам көрүп, күйөрмандык кыларын кошумчалады.