БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Карагандадагы шахтада каза болгон 40 шахтёрдун аты-жөнү такталды. Ал эми алтоонун сөөгү тааныла элек. Бул тууралуу Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Сырым Шарипханов билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.
Анын айтымында, алты маркумдун өздүгүн аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүүдө жана ДНК-анализдер керек болот.
"Электр энергиясынын жоктугу, талкаланган механизмдер издөө иштерин жүргүзүүнү кыйындатты", — деди ӨКМ башчысы.
Ал факты боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Караганда облусундагы беш шахтадагы иш калыбына келтирилди.
Эске салсак, Костенко "АрселорМиттал Темиртау" шахтасында 28-октябрь күнү саат 02:33тө жарылуу болгон. Авария учурунда жер астында 252 адам болгон. Алардын 205и сыртка чыгарылган. Жалпы 46 адам каза болуп, издөө иштери үч күнгө созулду.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт чыгып, андан соң жарылуу болгон. Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү.