Радио

Кадыкеев: мыйзамсыз илинген 4 155 жарнак алынды

Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын Свердлов району боюнча бөлүм башчысы Тилек Кадыкеев жыл башынан бери мыйзамсыз илинген канча көрнөк-жарнак алынганын айтты.
Sputnik
Соңку тогуз айда Свердлов районунда 4 155 мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнак алынды. Бул тууралуу Тилек Кадыкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, текшерүүдөн өткөн жайларда кайталап мыйзам бузуу каттала элек.
"Биздин башкармалык шаар ичинде мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактар боюнча эскертүү баракчаларын таркатып келет. Жыл башынан бери биздин райондон 4 155 жарнак алынды. Барган сайын эрежелерге баш ийген шаар тургундары көбөйүүдө. Мурдагыдай башаламан эмес бирдей типте илип баштады. Буга чейин чач тарач, дүкөндөр банерлерин көчөгө чыгарып коюшчу. Азыр андайлар азайып калды. Бардык көчөлөрдү СССР учурундагыдай тыкан кылгыбыз келет. Азыркы күндө айрым жерлерде жарнактардын өңү-түсү, өлчөмү, шрифттери дал келбейт. Бирок биз текшерип кеткен көчөлөрдө кайрадан мыйзам бузуулар каттала элек", — деди Кадыкеев.
Ал текшерүү иштери токтобостон улана тургандыгын кошумчалады.