Нарындык окуучу информатика боюнча дүйнөлүк олимпиадада коло тагынды. Сүрөт

Венгрияда өткөн олимпиадага 90 мамлекеттен 355 окуучу катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Нарын шаарындагы М. Субагожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков информатика боюнча дүйнөлүк олимпиадада коло медаль тагынды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Нарын шаарындагы М. Субагожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков информатика боюнча дүйнөлүк олимпиадада коло медаль тагынды

2 / 3

Ага ылайык, Венгрияда өткөн олимпиадага дүйнөнүн 90 мамлекетинен 355 окуучу катышкан

3 / 3

30-октябрда Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов Алихан Айдарбековду ийгилиги менен куттуктап, ыраазычылык катын жана планшет тапшырган

Ага ылайык, Венгрияда өткөн олимпиадага дүйнөнүн 90 мамлекетинен 355 окуучу катышкан. 30-октябрда Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов Алихан Айдарбековду ийгилиги менен куттуктап, ыраазычылык катын жана планшет тапшырган.

"Келечекте программист болууну максат кылган Алихан Европа өлкөлөрүндө билим алууну кыялданат. Ал учурда эне тилинен сырткары англис, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. 7-класска чейин Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы Б. Календеров атындагы орто мектепте билим алган", — деп жазылат кабарда.

Облус башчысы Алихан Айдарбековдун билим алуусуна шарт түзүп берген ата-энесине жана Нарын лицейинин мугалимдерине ыраазычылык билдирди.
Химия, биология боюнча эл аралык олимпиадада жеңген окуучулар акчалай сыйланды