Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Беларуска элчи болуп дайындалды

Султанбаев 2021-жылдын май айынан бери президенттин маалымат катчысы болуп иштеп келе жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Беларустагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Султанбаев 2021-жылдын май айынан бери президенттин маалымат катчысы болуп иштеп келе жаткан.
Эрбол Султанбаев 1991-жылы 10-августта туулган.
Садыр Жапаров өзүнө жаңы жардамчы дайындады