ЕАЭБ мамлекеттериндеги эсептик чен жана андагы Кыргызстандын орду. Сандар

Соңку ирет эсептик чен былтыр ноябрдын аягында алмашып, анда 14 пайыздан азыркы 13кө түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калганын билдирди.
Эске салсак, соңку ирет эсептик чен былтыр ноябрдын аягында алмашып, анда 14 пайыздан азыркы 13кө түшкөн.
Кыргызстандын экономикасы ачык болгондуктан, бүтүндөй дүйнөлүк экономика сыяктуу сырткы чөйрөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр да, региондогу өзгөрүүлөр да өлкөдөгү баа динамикасына өз таасирин тийгизип жатканы белгиленди. Дүйнөлүк экономиканын өсүшү бир калыпта болбой, калыбына келүү процесси жай жүрүп жатат.
Өлкөдө жылдык инфляциянын көрсөткүчү басаңдаганы байкалган. 2023-жылдын октябрь айында (20сына карата) инфляция жылдык мааниде 9,2 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда жыл башынан тартып өлкөдө баалардын жалпы деңгээли 6,7 пайызга өстү.
"Инфляциянын азык-түлүк компоненти баалардын өсүшү басаңдаганын көрсөтүүдө. Бирок кызмат көрсөтүүгө жана азык-түлүк эмес товарларга баалар инфляциянын буга чейин түптөлгөн жана түптөлүп жаткан факторлорун (анын ичинде администрацияланган баалар менен тарифтерди) чагылдыруу менен мурдагы деңгээлде сакталып турат", — деп айтылат маалыматта.
Банктан дүйнөдө белгисиздик жогору болуп, глобалдык экономиканын калыбына келиши бир калыпта болбогондуктан, дүйнөлүк баалардын өсүшү узак убакытка созулушу мүмкүндүгүн белгилешкен. Аны менен катар тариф саясатын индексациялоо түрүндө ички факторлор инфляциялык күтүүлөрдү туруктуу кармап турганы айтылган.
"Ушуга байланыштуу Улуттук банктын эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактоо чечими учурда бар инфляциялык тобокелдиктерге аларды токтотуп туруучу таасирин тийгизүүдө, бул орто мөөнөттүү келечекте инфляциянын 5-7 пайызга чейин максаттуу көрсөткүчтөргө кайтып келишине өбөлгө түзөт", — деп билдиришкен.
Эсептик чен — акча-кредит саясатынын инструменти, ал Борбордук банк тарабынан белгиленген пайыздык ченди түшүндүрөт жана экономикада акча ресурстарынын баасынын базалык көрсөткүчү катары кызмат кылат.
Экономикалык теорияда чен канчалык өйдө болгон сайын, коммерциялык банктар элге берген кредитине ошончолук жогору пайызды алып турары же тескерисинче болору айтылган. Эсептик ченди адатта инфляцияны төмөндөтүү үчүн коюшат, бирок аны менен катар эле экономиканын өсүү темпи начарлайт.
ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эсептик чен тууралуу маалымат:
Казакстанда — 16 пайыз;
Россияда — 15 пайыз;
Кыргызстанда — 13 пайыз;
Арменияда — 9,75 пайыз;
Беларуста — 9,5 пайыз.
Улуттук банк эсептик ченди төмөндөттү. Элге кандай таасир этет?