Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров иштен кетти

Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Маалыматта Абдыкадыров башка ишке өткөнү белгиленди. Ал 2022-жылдын февраль айынан бери калаа башчысы болуп иштеп келе жаткан.
Аскат Алагозов президенттин маалымат катчысы болуп дайындалды