БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы эки мектепте кызамык илдети менен ооругандар көбөйүп, билим берүү жайлары убактылуу аралыктан окууга өткөнүн Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мындай чечимди Жалал-Абад шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы атайын комиссия кабыл алган.
"К. Закиров атындагы № 2 жана А. Усманов атындагы № 7 орто мектепте кызамык оорусу көп катталгандыгына байланыштуу балдар убактылуу онлайн окуп турушат", — деп жазылат кабарда.
Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө эмдөөдөн баш тарткан же бир жолу эмделген окуучулардын санын тактап, ар бир мектеп, бала бакчада эмдөө жасоо жана медициналык кароодон өткөрүү үчүн дарыгерлерге өзүнчө бөлмөлөрдү уюштуруп берүү тапшырмасы берилгени кошумчаланды.