БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кытайдын армиясы Тайванды Кытай Эл Республикасынын (КЭР) курамынан бөлүп кетебиз дегендерге эч кандай аёо кылбайт. Бул туурасында дүйшөмбүдө аталган мамлекеттин Борбордук аскер кеңешинин төрагасы Чжан Юся Пекиндеги эл аралык форумда эскерткенин РИА Новости жазды.
"Тайвань КЭРдин түпкү кызыкчылыгы бар маселелердин бири, ал эми "бирдиктүү Кытай" принциби эл аралык коомчулуктун жалпы консенсусу болуп эсептелет", — деген Чжан Юся форумда.
Анын айтымына караганда, "Тайванды Кытайдан ким болбосун, кандай формада болбосун ажыратып кетүүгө ниет кылса, кытайлык аскерлер ага көнбөйт, алардын "энчисин" берет, мындайларга эч кандай аёо болбойт".
Кытайдын борбордук өкмөтү менен анын аралдык провинциясынын расмий мамилеси 1949-жылы үзүлгөн. Бул Чан Кайши башында турган Гоминьдан күчтөрү Кытай компартиясы менен болгон жарандык согушта жеңилип Тайванга барган соң болгон. Кытай материги менен арал ортосундагы иштиктүү мамиле жана формалдуу эмес байланыштар 1980-жылдардын соңунда жаңыланган. 1990-жылдардан тарта мамлекеттик эмес уюмдар — мамилелерди жакшыртуу боюнча Пекин ассоциациясынын Тайвань кысыгы жана Тайбэй фонду аркылуу байланыша башташкан.
Пекин Тайвандын өз алдынчалуулугун тааныбайт, өз провинциясы деп эсептеп, дүйнөнү "бирдиктүү Кытай" саясатын карманууга чакырып келет. АКШ бул принципти кагаз жүзүндө сактаган болуп, арал менен жигердүү кызматташып, байма-бай курал-жарак жеткирип турат.