Сокулукта скотчтолгон окуучу кыз. Эмгек министрлиги ишти көзөмөлүнө алды

Балага психологиялык жардам көрсөтүлүп жатканы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Сокулук районунун Биринчи май (Селекция) айылында оозуна чүпүрөк тыгылып скотчтолуп, колу байланган абалда табылган окуучу кыздын ишин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги көзөмөлүнө алганын маалымат кызматы билдирди.
Министрлик секелек 2019-жылы соттун чечими менен асырап алынганын тастыктады.
"Сокулук районундагы Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү кыздын үйүндөгү кырдаалды көзөмөлдөп турат. Балага психологиялык жардам көрсөтүлүүдө", — деп жазылат кабарда.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы, материалдар Бишкек шаардык соттук-медициналык экспертизасына сексуалдык зомбулук фактысы бар-жогун аныктоо үчүн жөнөтүлгөнү кошумчаланды.
Эске салсак, 24-октябрь күнү кечке жуук улгайган жубайлар Сокулук районунун Биринчи май (Селекция) айылында оозуна чүпүрөк тыгылып скотчтолуп, колу байланган абалда жаткан окуучу кызды көрүп калышкан. Күбөлөрдүн айтымында, секелек шымы, ич кийимдери шыпырылып, эси ооп жаткан.
Чүй ОИИБи аталган факт катталып, териштирүү жүрүп жатканын, кошумча маалымат берилерин билдирген.
Сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндер үчүн борбор түзүлөт