Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу Россиянын Украина менен диалогу туурасында айтты

Министр дүйнөдөгү тынчтык жана туруктуулукка жоопкерчилик баарынын мойнунда экенин эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Москва украиналык кризисти жаңжалдан кийин жөнгө салуу жана Батыш менен мындан аркы болгон алака боюнча сүйлөшүп, талкуулоого даяр тейде турат. Бул тууралуу РФтин коргоо министри Сергей Шойгу айтканын РИА Новости жазды.
Ал дүйшөмбүдө Пекинде коопсуздук боюнча өткөн Сяншань форумунда сүйлөгөн.
"Украиналык кризисти жаңжалдан кийин жөнгө салуу жана жалпысынан алганда Батыш менен андан аркы алака-катнашта болуунун параметрлери боюнча реалдуу шарттарда саясий талкууларга даярдыгыбызды камдап коёбуз", — деген Шойгу.
Ал дүйнөдөгү тынчтык жана туруктуулукка жоопкерчилик баарынын мойнунда экенин эске салган.
"Муну менен катар эле мойнуна дүйнөдөгү жалпы тынчтык менен стабилдүүлүктүн жоопкерчилиги артылган БУУнун туруктуу мүчөсү болгон өзөктүк куралдуу державалардын ортосундагы теңдештик мамилелерди камсыздоо мааниге ээ", — деп кошумчалаган ал.
Шойгунун айтымында, адилеттүү, көп уюлдуу дүйнөлүк тартипти түптөш үчүн эл аралык кооптуулуктун тулкусун жаңылап, аны бекемдеш керек. Бул үчүн кызыкдар болгон бардык тараптардын аракетин, күчүн бириктирүү зарыл.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров Украина менен “сүйлөшүү” темасындагы кутумчулук тууралуу айтты