Губернатордун орун басары: Панфилов дивизиясындагы кыргыздардын эрдиги эсибизде

Козлов согуш бир дагы үй-бүлөнү кыйгап өтпөгөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Уралдагылар кыргыз менен казактардын Улуу Ата Мекендик согуштагы оор күндөрдө Панфилов дивизиясынын курамына кошулганын унутушкан жок. Бул тууралуу "Эскирүү мөөнөтү жок. Тарых соту" көргөзмөсүнүн ачылышында Свердлов облусунун губернаторунун орун басары Василий Козлов билдирди.
Анын айтымында, бул көргөзмө бир жыл мурда Екатеринбургда өткөн. Анда Нюрнберг, Хабаровск жана Токио процесстеринин жүрүшү, жыйынтыгы камтылган архивдик документтер топтолгон.
"СССРде бул согуш бир дагы үй-бүлөнү кыйгап өткөн эмес десем жалган айткан болбойм. Согуш учурунда орустар, кыргыздар жана башка көптөгөн элдер ийиндешип күрөшкөн", — деди Козлов.
Ал фашизм эч качан баш көтөрбөшү керектигин белгиледи.
"Биз дүйнөдө эмне болуп жатканын көрүп турабыз. Жан алгычтар менен күрөшкөн тарыхыбызды бурмалашууда. Буга жол берилбеши керек. Так ушул себептен Жеңишке арналган жана трибуналдар менен бекитилген баштапкы материалдарды көрсөтүп жатабыз. Биз, Уралдагылар, кыргыз менен казактардын Улуу Ата Мекендик согуштагы оор күндөрдө Панфилов дивизиясынын курамына кошулганын унуткан жокпуз", — деди губернатордун орун басары.
Мамдума депутаты: жаштарды адаштыруу үчүн Улуу Жеңишти бурмалоо аракети жүрүүдө