Бишкекте "Эскирүү мөөнөтү жок. Тарых соту" көргөзмөсү ачылды

Көргөзмө үч блокту камтып, үч күнгө созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) "Эскирүү мөөнөтү жок. Тарых соту" көргөзмөсү ачылды.
Бул иш-чараны өткөрүү демилгесин "Нарын Патриот" кыргыз коомдук уюму көтөргөн. Алгач Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун эстелигине гүл коюу аземи өттү. Андан соң Кыргыз улуттук университетинде үч блоктон турган көргөзмө ачылды. Алар: Кыргыз ССРинин элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке кошкон салымы, СССР элдеринин трагедиясы жана фашизмдин кылмыштары, Нюрнберг, Хабаров жана Токио процесстери.
КУУ өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, бул көргөзмө алгач ирет Екатеринбургда өткөн. Кыргызстан иш-чара уюштурулган экинчи өлкө. Көргөзмө үч күнгө созулат.
1 / 5

Бул иш-чараны өткөрүү демилгесин "Нарын Патриот" кыргыз коомдук уюму көтөргөн

2 / 5

Алгач Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун эстелигине гүл коюу аземи өттү. Андан соң Кыргыз улуттук университетинде үч блоктон турган көргөзмө ачылды

3 / 5

Алар: Кыргыз ССРинин элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке кошкон салымы, СССР элдеринин трагедиясы жана фашизмдин кылмыштары, Нюрнберг, Хабаров жана Токио процесстери

4 / 5

КУУ өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, бул көргөзмө алгач ирет Екатеринбургда өткөн

5 / 5

Кыргызстан иш-чара уюштурулган экинчи өлкө. Көргөзмө үч күнгө созулат.

Ректор Төлөбек Абдырахманов окуу жайдын өткөн чагы менен келечеги СССР, андан соң Россия менен байланыштуу экенин белгиледи.
"Көргөзмө биздин студенттер менен жаштар үчүн абдан керек. Дүйнөдө соңку кезде глобалдык өзгөрүүлөр болуп жатат. Бул контекстте Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктары кайра каралууда. Советтер Союзунда жашаган интеллигенция тарыхты сактап, тарыхый чындыкты жаштар арасында жайылтууну улантышыбыз керек", — деди ректор.
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун эстеликтеринин санарип картасы түзүлдү