БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкектеги Ала-Арча конушунун тургундары көгүлтүр от менен камсыз болгонун мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Муниципалитет "Газпром Кыргызстан" компаниясы бул аймакта 11,5 чакырым газ бөлүштүрүүчү түйүндөрдүн курулушун белгиленген мөөнөттөн эрте бүтүргөнүн билдирген.
Эми 850дөн ашык үй-бүлө газ менен үйлөрүн жылыта алат.