Сокулукта колу байланып, оозуна чүпүрөк тыгылган абалда окуучу кыз табылды

Милиция окуянын себебин аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатканын, жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин убадалады.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Сокулук районунун Биринчи май (Селекция) айылында оозуна чүпүрөк тыгылып скотчтолуп, колу байланган абалда 7-класста окуган кыз табылганын окуяга күбө болгондор билдирди.
Алардын айтымында, секелек шымы, ич кийимдери шыпырылып, эси ооп жаткан. Кызды кечке жуук улгайган киши жубайы менен кампасына бараткан жолдон тапкан.
"Кызды көрүп чочуп кетишиптир, колун чечип, чүпүрөктү оозунан алып чыгышса эсине келе түшкөн. Кимдин кызы экенин сураганда араң айтыптыр. Анан апасын чакырышкан, милиция дагы келген. Ал биздин айылда жашаган үй-бүлөнүн бакма кызы экен. Күнөөлүүлөр табылган-табылбаганы белгисиз", — деди маалымат берген тарап.
Чүй ОИИБи бул окуя 24-октябрда болгонун маалымдап, аны байланып жаткан абалда кошуналары тапканын билдирди.
"Аталган факт катталып, териштирүү жүрүп жатат. Экспертизалар дайындалып, күбөлөр, кыздын өзү жана ата-энеси суралды", — деп жазылат маалыматта.
Милиция окуянын себебин аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатканын, жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин убадалады.
Кыргызстанда зомбулук көргөн аялдарга мамлекеттик кризистик борбор ачуу пландалууда