БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Вице-мэр Максатбек Сазыкулов 1-ноябрдан тарта Бишкектеги автобус менен троллейбустарда накталай төлөм системасы киргизиле турганын билдирди.
"Автобус менен троллейбустарда жол кире накталай төлөнсө 25 сом болот, ал эми накталай эмес төлөмдө (карточка) 11 сом бойдон калат. Маршруткаларга жол кире мурункудай 15 сом болот", — деген ал.
Сазыкулов муну менен элди накталай эмес төлөм системасына көндүрүү мерчемделип жатканын айтып, анда канча жүргүнчү каттаганы, канча акча айланып жатканы так көрүнөрүн кошумчалаган. Ошондой эле накталай эмес төлөмдүн арты менен айдоочулардын айлыгы да жогорулаганын, январдан тарта маянаны дагы көтөрүү маселеси каралып жатканын белгиледи.