Казакстан бүгүн аза күтүп жатат. Жапаров Токаев менен телефондон сүйлөштү

Президент бул оор учурда Кыргызстан боордош Казакстан элинин жанында экенин баса белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ал Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан Казакстандын Караганда облусундагы Костенко атындагы шахтадагы жарылуудан улам адамдар курман болгондугуна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айткан.
Президент каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайраттуу болушун, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалады.
Ошондой эле Жапаров бул оор учурда Кыргызстан боордош Казакстан элинин жанында экенин баса белгилеген.
Белгилей кетсек, 28-октябрга караган түнү Костенко шахтасында жарылуу болгон. Соңку маалымат боюнча, андан каза болгондордун саны 36га жетти. Буга байланыштуу бүгүн Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Садыр Жапаров кечээ да коңшу өлкөгө көңүл айтуу телеграммасын жөнөткөн.
Кумтөр кенинде жүк ташуучу техниканын айдоочусу каза тапты