БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Батыш Украинага болгон сансыз чыгымынан акыры тажайт деп божомол кылган. Бул тууралуу Европа кеңешинин эл аралык мамилелер боюнча аскерий серепчиси Густав Грессель ZDF телеканалына билдирди.
"Россия Украина эл аралык колдоодон көз каранды экенин билет. Эгер украин армиясын заматта талкалоого мүмкүн болбосо, бир нече жыл бою согуштук аракеттерди күчөтө бериш керек. Акыры бир күн Батыш "болду эми, жетишет" деп айтат", — деди Грессель.
Анын пикиринде, РФтин позициясы Путиндин америкалык аскер күчтөрүн Ирак менен Афганстандан чыгарып кетишине салган байкоосуна негизделет. Президент эгер Украинага чыгым өтө көп болуп баратса, батыш өлкөлөрү андан жүз буруп кетет деп эсептейт.
Эксперт Европадагы кырдаалды эске алганда Европа менен АКШ тараптан Киевге болгон колдоо солгундайт деп ишенимдүү түрдө билдирди. Мисалга Словакияда парламенттик шайлоодо Украинага жардам берүүгө каршы болуп келген партия утуп чыкканын жана Украинанын Польша менен мамилесинин бузулганын келтирген.
Грессель 2024-жылкы АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамптын утуп чыгуу ыктымалдуулугу жана бюджетти кароодо Конгресстеги пикир келишпестиктер Украинага пайда алып келбестигин белгиледи. Демек, Путиндин стратегиясы натыйжалуу болууда, Москванын Киевдин шартына макул болушуна негиз жок.