Кыргызстанда зомбулук көргөн аялдарга мамлекеттик кризистик борбор ачуу пландалууда

Мамлекеттик борбор аялдарга социалдык жана юридикалык кызматтарды көрсөтүүнү көздөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстанда зомбулук көргөн аялдарга мамлекеттик кризистик борбор ачуу пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Учурда өлкө боюнча 18 кризистик борбор үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтөт.
“Мындан тышкары, министрлик өнөктөштөр менен бирге мамлекеттик кризистик борборду ачууну пландоодо. Максаты – зордук-зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга "бирдиктүү терезе" принциби боюнча социалдык жана юридикалык кызматтарды көрсөтүү”, — деп жазылган маалыматта.
Учурда кризистик борборлор аялдарга медициналык, психологиялык, укуктук жана социалдык жактан жардам көрсөтүп, убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырышат. Аларды министрлик мамлекеттик социалдык буйрутма аркылуу каржылоо менен колдоого алып келет. Беш жылдын ичинде каржылоо 5,4 миллион сомдон 7,0 миллион сомго чейин көбөйтүлгөнү айтылды.
Ошто аялын бычактап соттолгон киши. Келиндин жакындары өкүмгө нааразы