Манаста "жыга" деген көөнө сөз кездешет. Аны бир нече мааниде колдонууга болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, Манас учу-кыйыры билинбеген океан сыяктуу көп руханий байлыктарды камтып турат.
"Көөнө сөздөрдүн арасында "жыга" деген кездешет. Манаста "Жез жыгада эр Көкчө" деп айтылат. Бул сөздүн бир нече мааниси бар. Биринчиси — хандык мансапты көргөзүүчү баш кийим. Экинчиси — хандык белги катары эсептелген куштун канаты. Үчүнчүсү — хандык белги түшүрүлгөн мөөр. Учурда хан сөзү дээрлик колдонулбай калды, бирок министрликтердин, жетекчилердин мөөрүнө түшүрүлгөн белги катары колдонсо болот", — деди Талантбеков.
Ал көөнө сөздөрдү колдоно билүү артыкчылык болорун кошумчалады.