Кан коюуланып кетсе эмне кылуу керек? Дарыгердин кеңеши

Тромбоциттердин жогору болушу кургак учук, залалдуу шишик сыяктуу олуттуу оорулардан кабар бериши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Дарыгерлер кан коюуланып кеткен учурда көрүлчү аракеттерди айтып беришти. Адистердин кеңешин "Российская газета" басылмасы жазды.
Кардиолог Тамаз Гаглошвилинин айтымында, адамда антикоагулянттарга каршы көрсөтмө жок болсо, канды суюлтуунун кажети жок, жетиштүү көлөмдө суу ичүү керек.
Ошондой эле ал тамакты баланстап ичүүгө кеңеш берди. Тагыраагы, рациондо белок, май, углевод дегендин бардыгы болушу керек.
Токсиколог Михаил Кутушов кан коюу болсо шекерден баш тартуу зарыл экенин айтты. Таттуу глюкозанын деңгээлин көтөрүп, тромбдун пайда болушуна алып келет. Мындан сырткары, гречка, банан жана картошканы азыраак пайдалануу сунушталат.
Профилактолог Сергей Токарев коронавирустун омикрон штаммына кабылган бейтаптарда дагы кандын коюуланышы байкалганын билдирген.
Дарыгерлер майлуу тамактан, алкоголдон жана зыяндуу суусундуктардан баш тартып, кан нормада болушу үчүн чеснок, деңиз азыктарын, чычырканак, помидор, жүзүм, бадам жегенди сунушташты.
Тромбоциттердин жогору болушу кургак учук, залалдуу шишик сыяктуу олуттуу оорулардан кабар бериши мүмкүн. Ал эми кандын коюуланышы инфаркт менен инсультка чейин жеткирет.
Онколог рактын билинбеген баштапкы үч белгисин атады