Финансы министри жардам таратып жаткан жок. Ведомство маалыматты фейк деди

Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Ар кандай шылуундук сайттар элди алдоо үчүн финансы министри Алмаз Бакетаевдин аты-жөнү жана сүрөтүн колдонуп жатат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
"Урматтуу кыргызстандыктар, ар түрдүү шылуундук сайттар таратып жаткан жалган маалыматтарга ишенбеңиздер", — деп кайрылды министрлик.
Социалдык тармактарда жана мессенжерлерде Бакетаев кыргызстандыктарга гуманитардык жардамдын уникалдуу программасын тартуулап жатканы тууралуу маалымат чыккан.
Министрлик мындай маалыматты "фейк" деп атап, аны шылуундар таратып жатканын белгиледи.
Бишкектеги мектепке бомба коюлду деген "телефон террорчусу" кармалды